Өлеңдер ✍️

  16.05.2022
  87


Автор: Замирбек Иманалиев

Мен эч качан болбогомун Босфордо...

Мен эч качан болбогомун Босфордо,
Ал жөнүндө сурабагын жанга ыктап...
Көздөрүңдөн деңиз көрдүм шоктонгон
Күйүп турган көгүш оту жалбырттап.
Барган жокмун кербен тартып Багдатка,
Жибек жүктөп, же болбосо хна артып.
Жүгүн перим шыўга боюң ийилтип
Кош тизеңе башым жөлө суналтып.
Кайра, кайра канча мени сураба,
Кайдыгерсиң түбөлүккө тааныбай.
Аймагында алыстагы Орустун
Акынымын аты угулган таанымал!
Айлуу түндө иттер улуйт алыстан,
Эски бийден тыңдайт көөнүм добушту.
Перс бийкечи кантип көргүң келбесин?-
Алыстагы көгүш мейкин конушту.
Мен келбедим зериккенден бул жакка,
Мен келгемин элесиңе арбалып.
Мага оролот сенин жумшак колдоруң
Аппак куунун канатына айланып.
Мен тагдырдан бейкуттукту издегем,
Өткөн күнгө кылбасам да өкүнүч.
Айтып берчи, куунак өлкөң тууралуу
Асылкечим кылам сага өтүнүч.
Алаксытчы аруу сыйкыр дем менен,
Эски бийди элес алган күн бүтсүн.
Сагындырба, эстебейин унуткар,-
Айперисин алыстагы түндүктүн.
Мен эч качан болбосом да Босфордо,
Айтып берем аны ойдон чыгарып.
Көздөрүңдү деңиз сезем баары бир
Көгүш жалын күйүп турган узарып.




Әлеуметтік желілерде бөлісіңіз:
Facebook | VK | WhatsApp | Telegram | Twitter

Пікір жазу