Өлеңдер ✍️

  16.05.2022
  97


Автор: Замирбек Иманалиев

Сен Саадини болгон дейсиң башкача

Сен Саадини болгон дейсиң башкача,
Төштөн гана өпчү тура кашайгыр!
Күткүн эми, күтчү кудай жалгагыр
Үйрөнөрмүн мен антишти качандыр.
Сен ырдайсың: “Ефраттан арылап,
Кызыл гүлдөр бийкечтерден жакшыраак”.
Ырдамаксың болсом эгер оокаттуу
Андай дебей ажат ачар, таттуураак.
Мен үзмөкмүн ал гүлдөрдү четинен,
Калсын үчүн көкүрөктө бир кумар.
Бу жалганда Шаганэден чырайлуу
Башка бирөө болбос үчүн жүз бурар.
Кыйнабачы көксөгөнүң таңуулап,
Эңсебеймин эзелкини, өткөндү...
Акын болуп төрөлгөн соң дүйнөгө
Адат кылгам акындарча өпкөндү




Әлеуметтік желілерде бөлісіңіз:
Facebook | VK | WhatsApp | Telegram | Twitter

Пікір жазу