Өлеңдер ✍️

  16.05.2022
  94


Автор: Замирбек Иманалиев

Жөөлүтпейт эски санаа, эски кайгы

Жөөлүтпөйт эски санаа, эски кайгы,
Тынч өтөт азыр мында көп күндөрүм.
Көңүлгө эм түшүрөм чайханада -
Көргөндөн Тегерандын көк гүлдөрүн.
Тоголок, жумуру ийин чайханачы,
Оруска чайханасын кылат дайын...
Тындырбай кызыл чайын демдеп сунат


Ордуна таттуу шарап, күчтүү арактын.
Кожоюн, сыйла, бирок жашырбачы,-
Бакчаңда кызыл гүлдөр гүлдөшкөнүн.
Бекерден мага көзүн ымдаштыбы
Акырын ача коюп чүмбөттөрүн...
Оруста жаздын сулуу бийкечтерин
Кармабайт мындагыдай каргы тагып...
Акчасыз үйрөнөбүз өбүшкөнгө
Кетпейбиз кагылышып, канжар сайып.
Кылтылдап көзгө урунган тулку бойдун,
Ай чырай жүзүн карап көргүм келет.
Мен ага Хоросандын ак шалысын,
Шираздын килеминен бергим келет.
Кожоюн, куйчу чайың кочкул кылып,
Мен сага калп айтканды сооп көрбөйм.
Ар дайым өзүм үчүн жообум даяр
Сен үчүн мен эч качан жооп бербейм.
Көп карап шыкаалаба эшик жакты,
Бак жакка барар жолду күндө өткөмүн.
Бекерден мага көзүн ымдаштыбы
Астейдил тартып кара чүмбөттөрүн...




Әлеуметтік желілерде бөлісіңіз:
Facebook | VK | WhatsApp | Telegram | Twitter

Пікір жазу