Өлеңдер ✍️
Өлеңдер ✍️
16.05.2022
92
Күтүнүп чакырыкка жооп издейм,
Күтүнүп чакырыкка жооп издейм,
Асман керең, томсоруп жер үндөбөй...
Кайдадыр сарталаанын айдыңында
Ойгонот менин эңсөөм көз ирмемден.
Эзелки, эски сөздүн жаңырыгы,
Түнкү асман, талаа-түздөр үргүлөгөн.
Жабык сыры өңдөнүп кездешүүнүн
Өткөнгө, өтө элекке мен билбеген.
Мен күтөм жан эргитер жаңы кумар,
Асман ачык түн алсыз үн катканга.
Сөз кыйратат түндүн да жабык сырын
Ырайым кыл, кудайым түн катканга.
Алыскы жаңырыктан менин эңсөөм,
Көз ирмемге ойгонсо кай тарапта...
Күтүнүп чакырыкты жооп издейм
Шумдугуң кур, жер дүлөй ал тарапта.
Чакыруу күтүү замирбек иманалиев ырлары кыргызча ырлар қырғызша өлең қырғыз өлеңдері замирбек иманалиев
Әлеуметтік желілерде бөлісіңіз:
Facebook | VK | WhatsApp | Telegram | Twitter