Өлеңдер ✍️
Мен сарапка кайрылып сурап көрдүм
Мен сарапка кайрылып сурап көрдүм,
- Жарым туман акчага эмне келет?
“Сүйөм” десем сүйкүмдүү Лалага
Персчесинен назик сөз эмне делет?
Мен сарапка кайрылып сурап көрдүм,
Желден жумшак, агым сымал тынч аккан:
- Гүзөл жанга сөз барбы түшүндүрөр
“Өбөм” дешти сылык сыпаа, жумшарткан?
Мен дагы сурап көрдүм ал сараптан:
- Жүрөк өйүр уяңдыгым каткым келет.
Сөз тапчы кудуреттүү... Гүзөл жанга
Ашыгым “мендиксиң” деп айткым келет.
Сарап мага узатат кыска жообун:
- Сөз менен махабатты түшүндүрбөйт.
Тымызын үшкүрүк бар ар сүйүүдө
Жалтылдап жакут окшоп көздөр күйөт.
Өбүшүү мүнөздөлбөйт сөз аркылуу,
Өбүшүү жазуу эмес табыттагы.
Өбүшүү үлбүрөгөн гүл бурактын
Эринден эрип кайра жабышканы.
Сурабайт кепилдикти махабаттан,
Сезүү бар жарыкты же караңгыны.
Айтышат колдор гана “мендиксиң” деп,
Сыйырган кара чүмбөт, паранжыны!
Әлеуметтік желілерде бөлісіңіз:
Facebook | VK | WhatsApp | Telegram | Twitter
Қарап көріңіз 👇