Өлеңдер ✍️
Өлеңдер ✍️
16.05.2022
153
Тобо кылам баарына, болгонуна
Тобо кылам баарына, болгонуна,
Издебейм буюрганын кабыл алдым
О жүрөк канчасын сен сүйдүң экен?!
О сезим канчаларга күйүп жандың?!
Бактым да, азабым да тагын салган,
Сүртүшүп өздөрүнчө боекторун.
А бирок көп кумардан, көп кууралдан
Мен дайым өз дүйнөмү жоготподум
Чок салдым жүрөгүңө кечир мени,
Биз биргебиз,-табасың таалайыңан.
Бардыгын, - айтпаганды сөзүң менен
Сездирдиң сен жүзүңөн, маанайыңан.
Арбаган, багындырган көздөр карайт,
Тынч албай көкүрөктү жүрөк урат.
Караңгы кардуу түндүн аязында
Адашпай бараткансып жолун улап.
Тобо кылуу замирбек иманалиев ырлары кыргызча ырлар қырғызша өлең қырғыз өлеңдері замирбек иманалиев
Әлеуметтік желілерде бөлісіңіз:
Facebook | VK | WhatsApp | Telegram | Twitter
Қарап көріңіз 👇