Өлеңдер ✍️

  16.05.2022
  80


Автор: Замирбек Иманалиев

Унутпагын

Сен жакка өтүп жааган булуттардын,
Жамгырын көз жашымдай туюп калгын.
Алдыда канча жазды жолуктурсам
Мен сени эстээримди унутпагын.
Сен жакка куштар учса угуп калгын,
Жүрөктүн сагынычтан буюкканын.
Алдыда күз узатсам канча жолу
Ошончо саргаярым унутпагын.
Жаз, күздөн жүрө көргүн кабар улай,
Жаз, күздү сезип келем азабымдай.
Түшкө кир түңүлдүрбөй перизатым
Мен сени сүйө берем баягымдай.




Әлеуметтік желілерде бөлісіңіз:
Facebook | VK | WhatsApp | Telegram | Twitter

Пікір жазу