Өлеңдер ✍️

  16.05.2022
  106


Автор: Замирбек Иманалиев

Төгүлөт ай алтыны муздак түнгө....

Төгүлөт ай алтыны муздак түнгө,
Көрбөйсүң жашыл чөптүн саргайганын.
Жакшыдыр бу чөлкөмдө мемиреген
Аралап жымжырттыкты, сандалганың.
Алыста, өтө алыста калган Багдад,-
Ырдаткан Шахранын гүл курагын.
Эми ага кереги жок эч нерсенин
Укпайт ал гүлзар жайдын шыңгырагын.
Өлгөнгө назар салбай өт жолоочум,
Эңкейип карабагын бейиттерди.
Элес жок эзелкиден азыр мында
Мүрзө чөп басып алган, эгип жерди.
Карачы, кандай сонун тегерегиң,
Тартылат кызыл гүлгө эриндериң.
Элдешсең жүрөгүңдө касың менен
Сезесиң жыргал сага төгүлгөнүн.
Сүйгүнүң, сүйөм десең сүйө алгандай,
Сайран кур чарчаганча күчүң кайтып...
Сыйынгың келип турса арбактарга
Чоочутпа тирүүлөрдү, түшүңдү айтып.
Ушинтип ырдап өткөн Шахраны,
Кайрадан уксаң болот арман жайда...
Аео бар, өкүнүч бар бу жалганда
Эч нерсе керек болбой калган жанга.




Әлеуметтік желілерде бөлісіңіз:
Facebook | VK | WhatsApp | Telegram | Twitter

Пікір жазу