Өлеңдер ✍️

  16.05.2022
  84


Автор: Замирбек Иманалиев

Хороссанда эшиктер... Босогого

Хороссанда эшиктер... Босогого
Гүл өстүрүп кылышкан жасалгасын.
Анда жашайт перизат сарсаналуу
Хороссанда эшиктер жасалгалуу.
Мен анын бирөөн дагы ачалбадым.
Шек кылбайм колдорумдун каруусунан,
Жалтылдайт алтын, жези түктөрүнөн.
Үнү назик пери бар ушул жайда
Ачылбайт каалгалар түрткөнүмдөн.
Шек кылбайм колдорумдун каруусунан...
Эмнеге арзыйт сүйүүдө баатырдыгым,
Ырдайм кимге? Кереги барбы анын?
Шагам менин кызганбай калса эми,
Кулпуланса бу жердин эшиктери
Кимге керек сүйүүдө баатырдыгым?
Кайтам кайра Оруска, учур келди.
Персия! Сени таштап кетемби эми?
Коштошомбу түбөлүк өзүң менен
Сүйгөн үчүн алыста тууган жерди.
Кайтам кайра Оруска, учур келди...
Кош бол дейин, эсен бол, кош бол пери,
Каалгаңды ача албай калсам дагы...
Кусалыкты тартуулап бердиң мага
Ырдайм сени бу жакта калсаң дагы
Кош бол дейин, эсен бол, кош бол пери!




Әлеуметтік желілерде бөлісіңіз:
Facebook | VK | WhatsApp | Telegram | Twitter

Пікір жазу