Өлеңдер ✍️
Өлеңдер ✍️
16.05.2022
157
Ноорузга арноо ыр
Нооруз, Нооруз - түмөн журттун тилеги,
Нооруз, Нооруз - жакшы үмүттүн сүйөгү.
Кел жергеме жыл ээрчитип кайрымдуу
Боло көргүн бак-таалайдын тиреги.
Алас, алас арачала кырсыктан,
Ай өтпөсүн жокчулукка тумчуккан.
Жаңы жылым кол серметип бийикке
Жыл боло көр мокоп турсак курчуткан.
Көңүл эргип майрам шаңы таркабай,
Көп бакытты жүрөлү биз аркалай.
Жаркыраган жазга айланып өмүрлөр
Жарык дүйнө жашыл болсун арчадай.
Ноорузга ыр Нооруз замирбек иманалиев қырғыз өлеңдері қырғызша өлеңдер кыргызча ырлар замирбек иманалиев ырлары
Әлеуметтік желілерде бөлісіңіз:
Facebook | VK | WhatsApp | Telegram | Twitter